Бишкектеги «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушу бузулат

Бишкектеги «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушу бузулат

Бишкектеги «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушу бузулат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган.

Окуя болгон жерге  мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу  Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Горький көчөсүн бойлой жайгашкан «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды. Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Ошондой эле, иштин жүрүшүндө көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер Горький 179, 178, 176 демонтаждалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 7 айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы макулдашууларга ылайык, аталган банктын каржылоосу менен, “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп 106 миллион сомго жана "Ынтымак" бала бакчасы 16 миллион сомго республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева аталган билим берүү мекемелерин оңдоо иштеринен кабар алып,

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Жолугушууда Улан Маматканов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү социалдык саясат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында ишке ашырып жаткан долбоорлорго жогору баа берди. Ал өлкөдө үй-бүлөнү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кемин районунун акими К.Тутуев Карал-Дөбө айылына баруучу Тар-Суу – Тегирменти автожолунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы узундугу 4 чакырым болгон жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Район акими курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө