Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту.

Жолугушууда Улан Маматканов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү социалдык саясат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында ишке ашырып жаткан долбоорлорго жогору баа берди.

Ал өлкөдө үй-бүлөнү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды өнүктүрүү жана инклюзивдүү билим берүүнү кеңейтүү боюнча мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатканын айтты.
Тараптар ошондой эле эмгек миграциясынын кесепеттери, майыптыгы бар балдар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү, зомбулук жана балдар эмгеги сыяктуу орчундуу маселелерди талкуулап, бул багыттардагы кызматташууну күчөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар балдардын укуктарын жана жыргалчылыгын коргоо боюнча туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн Кыргызстандын социалдык кызматтарын дагы чыңдоого биргелешип көмөктөшүүгө макулдашышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media