Бишкектин автобустарында валидаторлор иштебесе жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу – мэрия

Бишкектин автобустарында валидаторлор иштебесе жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу – мэрия

Бишкекте жол кире акысын накталай кабыл алган автобус жана троллейбус айдоочуларына (иштен бошотууга чейин) катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Учурда жүргүнчүлөр жол кирени Тулпар транспорттук карталары, Виза, Элкарт банк карталары, ошондой эле «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.

Айдоочулар жол кире үчүн накталай эмес төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөргө 0502 205-202 номуру аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-августунан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү акысын накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок жүргүнчүлөр муниципалдык каттамдардын айдоочулары накталай төлөм алып жатканын, транспорт же банк картасы же валидатор иштебей калганын, андан кийин накталай акча менен төлөөнү сунуштап жатышканын байма-бай билдиришет, бирок бул мыйзамдуу эмес!

Автобус жана троллейбус айдоочуларына карата жол кирени накталай кабыл алуу үчүн катуу чаралар көрүлөт (иштен бошотулганга чейин).

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Министрлер Кабинетинин башчысы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгиледи. Ал ошондой эле куткаруучулардын өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө татаал милдеттерди аткарып жатканын

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты

"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

Өткөн жылы 456 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүүгө 53 млн сом жумшалган

2025-жылы чет мамлекеттерде каза болгон 456 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатка 53 миллион сом жумшалган. "Бизде

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

ЕРӨБ Борбор Азияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейткенин банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕРӨБ өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдиктеринин 50%ына чейинкисин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана