Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн издөөдө: 46 адам байланышсыз болууда

Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн издөөдө: 46 адам байланышсыз болууда

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу процессин аяктап жатат.

Бирок, лотереянын уюштуруучулары айрым жеңүүчүлөр менен байланышууга аракет кылып жатканда бир аз кыйынчылыктарга туш болушкан. 1132 бактылуу адамдын 46сы жеткиликсиз бойдон калууда. Негизги себептери – телефондору өчүрүлгөн же номерлери жараксыз ("Салык чек" тиркемесинде каттоодо туура эмес көрсөтүлгөн).

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

iPhone 14:

Рашит уулу Темирлан, Миржан Балыбаев, Үмүткөр Токтогожоева, Ферузахон Колмуратова, Лира Кучукбаева, Гүлзада Мамбеталиева, Маматжусуп Разыков, Мелисбек Токонов, Ахматали Халбеков, Алия Шамсутдинова, Мээрим Истамова, Руслан Мурсабеков, Бүүжан Салиева, Нургазы Тойчубеков, Карим Юнусов.

Смартфон:

Акылбек уулу Үсөн, Бактыгүл Базарбаева, Эмиль Закиров, Бекнур Нарматов, Айдарбек кызы Алтынай, Эрнис Ибраев, Динара Рысбекова, Мадина Салиева, Бегаалы Чикетаев, Мырзайым Абдулкадырова, Аида Акматалиева, Асанбек кызы Нурзада, Ырысбек Ашимов, Нуризат Биймырзаева, Зебинисо Камалова, Жанарбек Мамыров, Зухра Рахмонбердиева Жамиля Сагынбекова, Нурдин Наралиев, Мукай Раимканов, Адинай Султангазиева, Бакытбек Термечиков, Андрей Балабанов.

Ноутбук:

Бекжан Турумкулов, Супибек кызы Сабина, Турдугул уулу Эрмек, Аскар Алымкулов, Давлатгуль Ибраева, Айсулуу Расулова, Аида Жуматаева, Мопохон Раимова.

Салык кызматы жогоруда аталган жеңүүчүлөрдү лотерея уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат: (0500)48-79-62, (0990)09-20-42, (0221)80-44-86.

Белгилей кетсек, эгер жеңүүчүлөр 1-ноябрга чейин байланышпаса, алардын утуштары жокко чыгарылып, байгелер утуштун кийиики этабына өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

18-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылышты. Жолугушуунун

Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылды таза суу менен камсыздай турган "Отуз-Адыр" чакан долбоору соңуна чыгып калды. Жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзгөн долбоордун алкагында суу алуучу жайлар, резервуарлар жана 150 чакырымга жакын суу түтүктөрү курулуп, 25 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, МинКаб Төрагасы маданий өз ара аракеттенүү жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык күн тартибинен чыгып, улуттук өзгөчөлүктү, адам капиталын жана мамлекеттердин атаандаштыкка

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан Данияр Шейшеканов бошотулду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Д.Шейшекановдун ордуна Нурлан Керимкулов Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов да кызматынан бошотулду. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон