Бишкектин мэриясы жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады

Бишкектин мэриясы жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынгандыктан, мэрия жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады.

Маалыматка ылайык, жарандар төмөнкү жолдор менен төлөй алышат:

• үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

• Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

• виртуалдуу NFC картасы;

• Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

• Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан 12 000 метр тор табылды

Токтогул суу сактагычынан 12 000 метр тор табылды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычын мыйзамсыз балык уулоочу куралдардан тазалоо боюнча масштабдуу рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, эки күндүк рейддик иш-чаралардын алкагында суудан 12 000 метр синтетикалык тор чыгарылды. Мындай торлор экосистемага орду толгус зыян келтирип,

Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Бишкекте жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында, 25-26-апрелде Бишкектин райондорунда тышкы жарнамаларды, аталыштарды жана башка визуалдык маалымат такталарды жөнгө салуу боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Рейддин алкагында

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигенен билдиришти. Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда. Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай