GoBus автобустарынын маршруту өзгөрүлдү – эми алар түн ичинде каттайт

GoBus автобустарынын маршруту өзгөрүлдү – эми алар түн ичинде каттайт

GoBus автобустарынын маршруту алмашып, эми түн ичинде каттап башташат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө. 16-сентябрдан тарта Бишкек-Каракол багытындагы GoBus автобустары мурдагыдай саат сегизде эмес, саат 10:00дө жөнөйт. Ошол эле учурда автобус Каракол шаарынан каттайт.

GoBus компаниясынын Ысык-Көлгө түнкү каттамдар ачылды. GoBus автобустары Бишкектен саат 23:30да чыгып, Каракол шаарына эмес, андан ары Теплоключенка айылына барат. Күндүзгүдөй эле түнү да карама-каршы багытта автобус жүрөт. Саат 23:30да Теплоключенкадан түнкү саат 00:00дө Каракол шаарынан өтүп Бишкекке жөнөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media
Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Ош шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишкерлер менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чарага 100дөн ашык жергиликтүү тургундар, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге Холдингдин ишмердүүлүгү, мамлекеттик финансылык колдоо механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары тууралуу маалымат берилди. Холдингдин маалыматына

Ишкер Media
Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык алкагында өлкөнүн электр тармактарын жаңылоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 252 жаңы күч трансформатору орнотулат. Жабдуулардын баары "Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору менен жеткирилген. Орнотуу иштерин "Кыргызстан

Ишкер Media