“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду

“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду

“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИсы маалымдайт.

Такталгандай, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн.  Жумуштар толугу менен «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы менен жолукту

Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы менен жолукту

Вашингтонго болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуу уюмдун штаб-квартирасында өтүп, анда тараптар Кыргызстандын Америка континентиндеги өлкөлөр менен байланышын чыңдоо маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат

Марлен Маматалиев Өзбекстандын сенатынын төрайымы менен жолукту

Марлен Маматалиев Өзбекстандын сенатынын төрайымы менен жолукту

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстандын сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен Стамбул шаарында жолугушту. Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алмашты. Марлен Маматалиев чек аралардын такталышы соода-экономикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи.  Ал эми Өзбекстандын сенатынын

Кыргызстанда жыл башынан бери автоунаа рыногу 50%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери автоунаа рыногу 50%га өстү

2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын, ошондой эле автоунааларды оңдоо кызматтарынын жалпы жүгүртүүсү 465 млрд 267,6 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылга салыштырмалуу 12,1%га өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Эң жогорку өсүш автоунааларды жана унаа тектиктерин сатууда катталды — көлөмү 15 млрд 965,9 млн сомго

Мирлан Жээнчороевге мандат тапшырылды

Мирлан Жээнчороевге мандат тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Мирлан Жээнчороевге мандат тапшырды. №21 шайлоо округунан шайланган депутаттык мандатты Куванычбек Конгантиев өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков өз каалоосу менен талапкерликтен баш тарткан. Ага карата Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогон.