Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган 46 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден өсүмдүк майы тапшырылды. Жардам жарандардын аткарган эмгегине жараша берилген.

Тактап айтканда, Курманбек жана М. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары өздөрү жашаган аймактарда сел каналдарын куруу жана тазалоо иштерине катышып, жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүшкөн.

Азык-түлүктөрдү тапшыруу учурунда шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов бул жардам жарандардын эмгегине берилген сыйлык экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумушсуз жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп келет.

Белгиленгендей, долбоор Жапония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты