Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?
Акыркы учурда блогерлер жана социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн салык төлөөсү тууралуу коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Кызуу талкуунун жаралышына Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн беш жылга салыктан бошотуу сунушу түрткү болгон.
Буга байланыштуу жарандардын ар кандай пикирлерине жооп издеп, “Ишкер медиа” КРнын Мамлекеттик салык кызматына кайрылып, айрым суроолорго жооп алды.
Мыйзам боюнча кимдер салык төлөөгө милдеттүү?
КР Салык кодексинин 7-беренесине ылайык, ар бир адам КР Салык кодексинде каралган тартипте жана учурларда салык төлөөгө жана салык мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
КР Салык кодексинин 23-беренесине ылайык, экономикалык ишмердүүлүк ишкердик жана башка ишмердүүлүктү камтыйт. КР Салык кодексинин максаттары үчүн субъекттин экономикалык ишмердүүлүгү системалуу негизде жүргүзүлсө, ишкердик деп эсептелет. Ал жашаган жеринде же иштеген жеринде жеке ишкер катары каттоодон өткөндөн кийин, анын салык милдеттенмеси пайда болсо, субъект тандалган салык режимине ылайык салык төлөөгө жана салык отчетторун берүүгө милдеттүү.
Ошондуктан, блогерлер жана Интернет тармагында иштеген башка субъекттер экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө тандалган салык режимине ылайык төмөнкү салык милдеттенмелерин алышат:
- Жалпы салык режимин колдонууда жалпы белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык киреше салыгын, кошумча нарк салыгын (КНС) жана сатуу салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болот;
- Жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасы боюнча атайын салык режимин колдонууда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөө милдеттери пайда болот.
Электрондук соода менен алектенгендер үчүн өзүнчө талаптар барбы?
КРнын Салык кодексинин 61-главасында электрондук коммерция тармагында иштеген салык төлөөчүлөргө салык салуунун өзгөчөлүктөрү каралган.
- эгерде субъекттин жалданган кызматкерлери болсо, ал салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык киреше салыгын эсептөөгө, кармап калууга жана которууга милдеттүү;
- эгерде Салык кодексинде белгиленген тартиптке ылайык, кыймылсыз мүлкү болсо, ал мүлк салыгын төлөөгө милдеттүү.
Интернет менен ишкердик кылгандардын салык төлөмдөрүнүн көлөмү канча?
КР Салык кодексинин 82-беренесине ылайык, салык төлөөчү салык милдеттенмесин аткарбаган же кечиктирип аткарган учурда, тиешелүү милдеттенменин белгиленген мөөнөтүнөн кийинки күндөн тартып, кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн айып пул салынат.
Андан тышкары, КРнын Салык кодексинин V бөлүмүндө салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана андайга жол бергендер үчүн жаза чаралары каралган.
Интернет менен иштегендердин салык төлөө тартибин Салык кызматы кантип көзөмөлдөйт?
КР Салык кодексинин 55чи жана 58-беренелерине ылайык, Салык кызматынын органдары КРнын салык мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде салыктык администрациялоону жүзөгө ашырышат, КРнын салык саясатын ишке ашырууга катышат, ошондой эле КРнын кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарына жана башкаруу жана салык мыйзамдарын администрациялоо жана укуктук колдонуу маселелери боюнча КРнын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык алгачкы тергөө органынын иш-милдеттери менен сотко чейинки өндүрүштү жүзɵгɵ ашырат.
Салык кызматынын органдарына кийинки негизги функциялар жүктөлгөн:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө.
- Салык төлөөчүлөргө жана алардын салык өкүлдөрүнө КРнын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык милдеттенмелерин аткарууга көмөктөшүү.
Андан тышкары, КРнын Салык кодексинин 59-беренесинде салык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын КРнын Салык кодексинде каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон укуктар аныкталган.