Көк-Жар конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Көк-Жар конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары газ отканасын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2 927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0.8га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

“Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

КРнын жарандары кээде чет өлкөгө чыгып жатып, карызы бар болгондуктан, чек арачылар тарабынан көйгөйлүү кырдаал жаралып калганын айтып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине кайрылып, жарандардын айып пулдары, салыктар жана башка карыздары тууралуу маалыматты алдын ала кантип текшерүү керектиги тууралуу сураган. Өз кезегинде министрликтин өкүлдөрү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик