Депутат Талайбек Масабиров Ат-Башыга компьютердик томографияны жөнөтүүсүнө жардам берди

Депутат Талайбек Масабиров Ат-Башыга компьютердик томографияны жөнөтүүсүнө жардам берди

2023-жылдын 11-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты, Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Бишкек шаарындагы М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда көчмө компьютердик томографияны Нарын облусунун Ат-Башы районуна жөнөтүү аземине катышты. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган диагностикалык мобилдик көчмө клиникасы депутат Талайбек Масабировдун жана Япониялык “Сансей” корпорациясынын колдоосу менен жай мезгилинде өлкөгө алынып келинген.

Депутат Талайбек Масабиров пилоттук негизде ишке ашып жаткан долбоор калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө жаратарын айтат. 

«Саламаттыкты сактоо министрлиги жана эл аралык кыргыз-жапон кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн меморандумдун негизинде, гуманитардык жардам катары көчмө мобилдик компьютердик томография убактылуу колдонууга бир жылдык мөөнөткө берилген. Биздин адистер аталган медициналык жабдыкты колдонууну өздөштүрүп, эми аймактардагы калктын саламаттыгын акысыз текшерүүгө жөнөтүлүп жатат. Нарын облусунундагы бир катар аймактарды кыдырып келген соң, Ош облусунун Алай районуна сапарын улайт», - деди депутат.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты