Тимур Файзиев эки айга камакка алынды

Тимур Файзиев эки айга камакка алынды

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө эки айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты борбор калаанын сот органдары тастыкташты.

Маалым болгондой, Октябрь райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Файзиевге карата 9-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Эскерте кетсек, 10-октябрдын алдында ишкер УКМК суракка келгенден кийин кармалганы белгилүү болгон. Сурак аяктагандан кийин тергөөчүнүн чечими менен ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуу графиги аныкталды

Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуу графиги аныкталды

2026-жылдын 11-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен жолугушуулары пландаштырылды. Мэриянын басма сөз кызматынан маалымдагандай, иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өтөт. Анын жүрүшүндө, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелер талкууланмакчы. Бишкек шаарынын мэриясы бул жолугушуулар шаар

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

1–6-май күндөрүнө карата күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел коркунучун алдын алуу максатында Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Облус башчысы тиешелүү кызматтарга аймактагы кооптуу тилкелерди 48 сааттын ичинде кайрадан текшерип чыгып, тобокелчиликтерди так аныктоо жана ыкчам

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү спартакиада болууда. Бул спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордук аппараттан, “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинен жана башка ведомстволук түзүмдөрдөн келген Салык кызматынын кызматкерлеринин 12 курама командасы катышууда. Салтанаттуу ачылыш аземи кече Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн. Салык кызматынын төрагасынын

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.