Нурланбек Шакиев Жумгалда жаңы мектептин ачылышына катышты

Нурланбек Шакиев Жумгалда жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Мамлекетте жасалып жаткан иштерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Акыркы үч жылда мамлекеттин казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат”, – деди.

Муну менен катар кийинки жылдын бюджети 657 млрд сом болорун айткан төрага: “Мурда дефицит менен эсептелген бюджет, жылдан-жылга профицит менен бекитиле баштайт. Бул салык саясатын туура жүргүзүүнүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз”,– деп кошумчалады.

Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-июндан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аба майданына чейинки тилкеде башталат. Оңдоп-түзөө иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт. Иштер жүрүп жаткан учурда жол

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 120-121- чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Кызыл-Булак – Тамаша автожолунун  0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен.  Учурда жеринде министрликтин №46

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

20-июнда саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз – Нылды –Покровка унаа жолунун 13–14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери