Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды

20-июнда саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз – Нылды –Покровка унаа жолунун 13–14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада саат 18:55те жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу ачылды. Учурда каттам бар, жол ачык.

Ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында сел жүрдү. Учурда унаа жол ачык, жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Жеринде №47 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан атайын техникалар тартылып, кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүүдө. Техника жана кызматкерлер ыкчам чара көрүүгө даяр абалда турушат.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт