Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө iPhone 14 жана Dyson фенин бере баштады

Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө iPhone 14 жана Dyson фенин бере баштады

Салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 1-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну улантууда. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жеңүүчүлөрдүн саны көп (1132 адам) болгондуктан, байгелер этап-этабы менен тапшырылууда. Алгач ноутбуктун, андан кийин смартфондун жеңүүчүлөрү өз байгелерин алышты.

Учурда iPhone14 утуп алган 479 бактылуу адам жана Dyson маркасындагы фендин 19 ээси өз байгелерин ала башташты. Акыркы этапта – чет өлкөгө 3 жолдомо жана 9 электромобиль тапшырылмакчы.

Салык кызматы байгелерди план менен тапшырууда жана жеңүүчүлөрдүн бири да байгесиз калбайт. Алардын ар бири менен салык кызматкерлери байгени тапшыруу күнүн жана убактысын тактоо үчүн байланышууда.

Утуштун кийинки этабы 25-30-декабрда өтөт. Бул күндөрү Бишкектен 10 батирдин, 11 электромобилдин, чет өлкөгө 4 жолдомонун, 521 iPhone 14, 519 смартфондун, 158 ноутбуктун жана 21 Dyson фендин ээлери белгилүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,