Минкаб 90 күнгө көмүрдүн баасын көзөмөлгө алды

Минкаб 90 күнгө көмүрдүн баасын көзөмөлгө алды

Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн минкаб 90 күнгө бааларды көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өз ишин минкабдын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык жүргүзөт жана Кыргызстандын аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүргө болгон баанын максималдуу деңгээли коюлат.

Мындан тышкары окуңуз

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү

2026-жылдын 25-июнуна карата Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму жарандарга жана уюмдарга жалпы 7 129 347 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, Бишкек филиалы тарабынан 3 195 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди. Төлөмдөр ОСАГО, жарандык жоопкерчилик, автокаско, турак жай жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча өлкө аймагындагы филиалдар

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

Кыргызстанда орточо айлык акы 46,7 миң сомго жетти

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 46 миң 731 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын I чейрегине карата азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетенинде айтылат. Маалыматка ылайык, инфляцияны эске алганда эмгек акынын

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Алгачкы эки саатка 50 сом: унаа токтотуунун жаңы системасы сыноодон өтөт

Бишкектеги Жеңиш аянтынын аймагында жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо тартибинде ишке кирди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Сааттык төлөм системасы Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, "One Group" соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосунда жайгашкан 95 орундуу муниципалдык унаа токтотуучу жайда колдонулууда. Сыноо мезгилинде алгачкы 15

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөөдепартаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди.