Борбор калаадагы «Ала-Арча» конушунун тургундары көгүлтүр от менен камсыз болушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.
Такталгандай, «Газпром Кыргызстан» компаниясы бул аймакта 11.5 чакырым газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн курулушун белгиленген мөөнөттөн эрте бүткөргөн.
Эми 850дөн ашуун үй-бүлө экологиялык таза энергия булагы менен үйлөрүн жылыта алышат.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media