Жалал-Абадда 110 кВ эки чынжырлуу аба чубалгысы курулууда
![Жалал-Абадда 110 кВ эки чынжырлуу аба чубалгысы курулууда](/content/images/size/w1200/2023/10/84515.jpg)
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын курулуш монтаждоо бөлүмүнүн түзгөн келишиминин негизинде аба чубалгыны тейлөө боюнча жогорку чыңалуу кызматы "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертти.
Такталгандай, кызматкерлер энергиясы менен камсыздоо максатында "Камбар- Ата" көмөк чордонунан "Камбар –Ата 1" ГЭСине чейин 110 кВ эки чынжырлуу аба чубалгысын курууда.
Жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын тейлөө кызматында 55 кызматкер эмгектенет. Алар 500-220-110-35 кВ аба чубалгыларын тейлейт.