Базар-Коргондо нан менен көмүр баасына көзөмөл жүргүзүлдү

Базар-Коргондо нан менен көмүр баасына көзөмөл жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Базар-Коргон районундагы социалдык жактан маанилүү болгон товарларга анын ичинен 1-сорттогу буудай унунан жазалган нан азыктарына (бөлкө нан) жана тандыр нанга жана көмүрдүн бааларына биргелешкен мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Учурда Базар-Коргон шаарынын борбордук базарындагы нан сатуучу жайлардагы нандын баалары белгиленген баага салыштырмалуу туруктуу. Ошону менен катар нан сатуучуларга бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ушундай эле иш-чара Базар-Коргон шаарынын А.Текебаев көчөсүндө уланып, аталган жердеги бөлкө нан бышыруучу жеке ишкер К.Иманакунова 380гр бөлкө нанын дүң баада 24.00 сомдон сатып жаткандыгы, белгиленген баадан 2.60 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталып, бөлүм тарабынан аталган укук бузууну жоюу максатында жазма эскертүү берилди.

Андан кийинки биргелешкен мониторинг Базар-Коргон шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Юрта” азык-түлүк сатуучу түйүнүндө уланып, мониторингдин жыйынтыгында 412гр бөлкө нанынын чекене баасы 29.00 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталып, белгиленген баадан 2.30 сомго жогору сатканы үчүн жеке ишкер М.Сатыбалдиевага бөлүм тарабынан жазма эскертүү берилди.

Базар-Коргон шаарынын Ленин көчөсү менен Ж.Аттокуров көчөлөрүнүн кесилишиндеги көмүр сатуучу жайлардагы көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлүп, жергиликтүү көмүрдүн баасын белгиленген баадан 20 тыйынга жогору сатып жаткан учурлар аныкталып, сатуучуларга бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча жана белгиленген баадан жогорулатып саткан учурда чара көрүлөрү эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”