Бишкектин эки конушунда жаратылыш газы берилди

Бишкектин эки конушунда жаратылыш газы берилди

Бишкектин Свердлов районунда «Ак-Тилек» жана «Ак-Тилек-Турбаза» эки ири конушка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган конуштардагы бардыгы болуп 640 кожолук өздөрүнүн үй ээликтерин экологиялык отун менен жылытууга мүмкүнчүлүк алышты.

Өз кезегинде тургундар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр от менен камсыз болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды үйлөрдүн бирине газдын бар-жогун текшерүү үчүн чакырышты.

Ири турак жай конушун газдаштыруу боюнча иштер Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Белгилей кетсек, жаңы конуштарды газ менен камсыздоо үчүн жаңы газорегулятордук пункт курулуп, пайдаланууга берилген, ошондой эле узундугу 9500 погон метрден ашык магистралдык газ түтүктөрүн куруу иштери жүргүзүлгөн. Бардык иштер курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына так ылайык аткарылган.

Мындан тышкары, Свердлов районундагы «Бакай-Ата» конушунда газдаштыруу иштери аяктоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Терек – Папан – Кожокелең жолуна асфальт төшөлдү

Ак-Терек – Папан – Кожокелең жолуна асфальт төшөлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусундагы Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштерин толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, иштер 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды. Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар

Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А.Пушкин атындагы сейил бакты оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Оңдоп-түзөөнүн алкагында административдик имарат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчү автобустар да көрсөтүлдү.  Учурда Каракол

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп курулду. Окуу жай сентябрдан баштап пайдаланууга берилет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, имараттын курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, жалпы наркы 132 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 665 чарчы