Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А.Пушкин атындагы сейил бакты оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Оңдоп-түзөөнүн алкагында административдик имарат жана амфитеатр курулуп, сегиз заманбап аттракцион, анын ичинде айланма дөңгөлөк жана америкалык “горкалар” орнотулду, каскаддуу жана кургак фонтандар, балдар оюн аянтчасы жана скейт аянтчасы курулду. 

Мындан тышкары, сейил бактын аймагы көрктөндүрүлүп, жөө адамдар үчүн жолдор салынды, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, автоматтык сугаруу жана тышкы жарыктандыруу системалары орнотулду. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген