Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 2-ноябрында Ноокат районунунда көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.




Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media