Социалдык контракттын алкагында эки миңден ашык өндүрүш ишканалары ачылды

Социалдык контракттын алкагында эки миңден ашык өндүрүш ишканалары ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек боюнча «Социалдык контракт» программасынын аткарылышынын жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Министр өз ишин ачуу үчүн мамлекет менен келишим түзүп, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөргө тандап барды.

«Программанын жүрүшүндө борбордогу 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосу менен бизнес башташты. Алардын 312 же 68% ашыгы тигүү цехтерин ачышкан. Бүгүн биз Адашгүл Уркунбаеванын үй-бүлөсүнө  барып келдик. Ал буга чейин алты баласына жөлөкпул алып келген. Мамлекеттин акчасына ал эки тигүүчү машина сатып алды, азыр дагы тигүүчү машиналарды сатып ала алды. Анын кирешеси айына 25 миң сомдон ашат», - деди Гүлнара Баатырова.

Министр ошондой эле төрт баланы тарбиялап өстүрүп жаткан Козубековдордун пластик терезелерди чыгаруучу цехине барды.

«Жалпысынан өлкө боюнча 2 миңден ашуун ар кандай өндүрүштөр ачылды. Бул тигүү жана жыгач устаканалары, биожерсемирткичтер өндүрүшү, пескоблок, самын, пластик терезелер ж.б.», - деп белгиледи министр.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”