Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Сокулукта көмүр баасына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүр сатуучу жайларда, баанын илинбегендиги, таразалардын жоктугу жана көмүрдүн белгиленген баадан ашык саткан учурлар аныкталды.
Жыйынтыгы менен көмүр сатуучу ишкерлерге бааны арзандатуу жана бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу, таразаны камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр жана тийиштүү билдирүүлөр берилди.
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнү дагы улантат.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media