Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Такталгандай, көпүрө Турмаматов көчөсүндөгү сел кетүүчү сайга курулган. Узундугу 15 метр, туурасы 11 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушуна 10 млн сомдон ашуун каражат сарпталды. Каражаттын 7 млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланса, ал эми 2 млн 800 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, буга чейинки көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга келип, кооптуулук жараткан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди. Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат. "Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га

Кылычбек Султан элчилик кызматтан бошотулду

Кылычбек Султан элчилик кызматтан бошотулду

Кылычбек Султан берген арызына ылайык Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook,

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы Жаш Гвардия бульварын Жибек Жолу проспектисинен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейин көрктөндүрүү боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге 354 млн 554 миң 196 сом бөлүү пландалууда. Тендердик арыздар 2026-жылдын 30-апрелинде саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Бульварды көрктөндүрүү иштери