Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу ачылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу ачылды

24-июнда саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда нөшөрлүү жамгырдан кийин, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 58+200 чакырымында сел жүргөн. Натыйжада унаа кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, министрликтин №959 Жол эксплатациялоо мекемеси тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө атайын техникалар тартылган. 

Жолчулар тарабынан жолду сел калдыктарынан тазалоо жана суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 1,5 – 2 сааттын аралыгында унаа жолу тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды. Учурда каттам толугу менен ачык жана унаалар үзгүлтүксүз каттоодо.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media