Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Такталгандай, көпүрө Турмаматов көчөсүндөгү сел кетүүчү сайга курулган. Узундугу 15 метр, туурасы 11 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушуна 10 млн сомдон ашуун каражат сарпталды. Каражаттын 7 млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланса, ал эми 2 млн 800 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, буга чейинки көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга келип, кооптуулук жараткан.

Мындан тышкары окуңуз

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде, Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана органикалык аймактарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү, органикалык

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 жаңы сквер курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, учурда скверлерди куруу иштери соңку этапка өтүп, аймактарды жашылдандыруу, гүл жана көчөт отургузуу иштери жүрүүдө. Жаңы эс алуу жайлары июнь айында пайдаланууга берилет. Белгиленгендей, скверлердеги жашыл зоналар заманбап тамчылатып

Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чүй облусунун жетекчиси тургундар менен жолугушуу учурунда архитектура башкармалыгынын кызматкери Адыл Усупов үй курууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү жашоочудан казы- карта жана акча талап кылганы маалым болду. Жергиликтүү аялдын айтымында, ал үй курууга уруксат алуу үчүн мэрияга кайрылган. Узакка созулган макулдашуулардан кийин уруксат берилген, бирок архитектура башкармалыгы менен иш алып