Бишкектин мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өттү

Бишкектин мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өттү

Бишкектин ЖЭБ-1 аймагында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэр турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директорунун күз-кыш мезгилине даярдык боюнча отчетун укту.

Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору жылуулук трассаларын алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, аткарылган иштер, көмүрдөн газга 22 откананы ишке киргизүү, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептерде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иш-чаралары, калктын көмүр менен камсыздалышы жана азыркы тапта базаларда үч миң тоннадан ашык көмүрдүн бар экендиги, сатып алуулар  жана  Бишкектин айрым мектептеринде авариялык абалга келген учурлар тууралуу да маалымат берди.

Өз кезегинде мэр Турак жай-коммуналдык чарба департаментинде  аткарылып жаткан иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү, капиталдык курулуш башкармалыгына болуп жаткан аварияларды тез арада жоюуну, райондун акимдерине зарыл болгон учурда кышкы коопсуздук зонасында жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алууну, эгер зарыл болсо,  2024-жылдын бюджетинде келечекте авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн ведомствого караштуу мекемелердин жылуулук системаларын реконструкциялоону карап чыгууну  тапшырды.

Ошондой эле, «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсынын, «Бишкекжылуулукэнерго» КИнын жана борбордун ЖЭБинин жетекчилери шаар мэрине кышка карата даярдыктары жана штаттык режимде иштөө боюнча маалымат беришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгына кырсыктарды аныктоо жана тез арада жоюу боюнча ишти күчөтүү,  акыркы бир айда болгон 16 саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин 3 объектисинде авариялык иштерди тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди.

Борбор калаанын мэри төрт райондун акимдерине магистралдык жылуулук системаларынын курулушунун сапатына жана жылуулук системаларын оңдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле, 2023-2024-жылдардын кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн райондордун башчылары жана энергетика тармагынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат.

Жыйында кызматкерлери 20 күнгө асфальт ачууга ордер алып, бирок натыйжада иш 30 күнгө создуктурулуп жаткан «Бишкекжылуулукэнерго» ААКсына жана Бишкек электр тармактар ишканысыныны кызматкерлерине эскертүү берилди. Ошондой эле ишти өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстандын 300 гектар жайытына үрөн, жер семирткичтер себилет

Быйыл Кыргызстандын 300 гектар жайытына үрөн, жер семирткичтер себилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө жайыт боюнча чоң долбоор кабыл алынып жатканын айтты. Министрдин айтымында, анда 300 миң гектарга чейин жайытты жакшыртуу каралууда. "Анын ичинде 30 миң гектарга чейин жайытка үрөн себүү, калгандарына жер семирткич чачуу пландалууда.

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков иш сапарынын алкагында Нарын районунун Эмгекчил айылында жайгашкан мурдагы жарандык коргонуу объектисинин абалы менен таанышты. Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен аталган жайда логистикалык борбор түзүү долбоору каралып жатат. Долбоорду ишке ашыруу аймактагы айыл

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылганын шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн. Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азия ири гидрологиялык кризистин босогосунда турат. 1980-жылдардын аягынан бери аймак өлкөлөрү чөлдөшүүнүн кесепетинен кеминде 100 км түшүмдүү жерлерден ажыраганын economist.kg сайты жазды. ScienceDirect маалыматына ылайык, 1982–2020-жылдар аралыгында жердин деградациясы аймактын жалпы аянтынын болжол менен 14,8%ын камтыган. Маселе климаттык чөйрөдөн экономикалык деңгээлге өтүп, мамлекеттик өнүгүүнү чектеген