Кыргызстан Гаагада санариптик тутумдарын тартуулады

Кыргызстан Гаагада санариптик тутумдарын тартуулады

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Гаагада (Нидерланды) өткөн Үчүнчү ведомстволор аралык тегерек отурумга катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алмаз Исанов «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясы, этникалык азчылыктар боюнча маалыматтарды чогултуу анализи жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик маалыматтарды колдонуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан аталган багытта иштөө боюнча кыргыз тажрыйбасына кызыгуу жаралды. Тегерек стол этностор аралык мамилелерде далилдүү саясатты кабыл алууну тереңирээк түшүнүү жана көп түрдүүлүктү башкаруунун маанилүү куралы катары маалыматтарды чогултуудагы тажрыйба алмашууга аянтча түзүп берди. Иш-чарага Борбордук Азия, Кавказ, Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү азчылыктарга тиешелүү мандаты бар борбордук бийлик органдарынын, ведомстволордун жана институттардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү жол курулушун ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди

Ысык-Көлдөгү жол курулушун ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда бир катар объекттерде курулуш иштери белгиленген тартипке ылайык уланып жатканы маалым болду. Иш сапардын жыйынтыгында айрым тилкелердеги иштерди ыкчамдатуу, курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүү жана жумушчу күчүн көбөйтүү

Өлкөгө 386 млн доллардан ашык чет өлкөлүк инвестиция тартылды

Өлкөгө 386 млн доллардан ашык чет өлкөлүк инвестиция тартылды

2026-жылдын I чейрегинде Кыргызстанга тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялар 386,7 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га өстү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка караганда, инвестициялардын эң чоң бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына туура келип, 93,6 млн долларды түздү. Соода тармагындагы

Жай мезгили BAKAI менен пайдалуураак: мейманканаларда, курорттордо жана шаар сыртындагы эс алуу жайларында 5% реалдуу акча түрүндөгү кешбэк! Эс алууңузду пайдалуу өткөрүңүз

Жай мезгили BAKAI менен пайдалуураак: мейманканаларда, курорттордо жана шаар сыртындагы эс алуу жайларында 5% реалдуу акча түрүндөгү кешбэк! Эс алууңузду пайдалуу өткөрүңүз

Жай мезгили – эс алуунун, жагымдуу көз ирмемдердин жана жаркын эмоциялардын мезгили. BAKAI’дын ар бир кардары камкордук менен пайдалуулуктун айкалышын сезе алат: эс алуудан ырахат алып, сапардын наркынын бир бөлүгүн түз эле эсебиңизге кайтарып алыңыз. 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарынын ээлери өлкөдөгү мыкты

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3 кубаттоочу станция ишке кирди. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому билдирди. Маалыматка ылайык, аталган компания жалпысынан 2026-жылдын башынан бери өлкө боюнча 18 кубатточу станция курган. Маалыматка ылайык, бул иштер өлкөдө электр унаалары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жана