Депутаттар Россиядагы мигранттардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты

Депутаттар Россиядагы мигранттардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты

2023-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Россиядагы мигранттардын социалдык-укуктук абалы жана укуктарын коргоо жөнүндө депутат Камила Талиеванын маалыматын укту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат белгилегендей, эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар көйгөйлөр аныкталган.

Атап айтканда, миграциялык эсепке алуудагы кыйынчылыктар (иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо эсебине туруунун мүмкүн эместиги), иш берүүчүлөрдүн эмгек келишимин түзүүнү каалабагандыгы же баш тартуусу, Россиянын миграция мыйзамдарын билбегендиги, мигранттарды жолго чыгуу алдында даярдоонун жоктугуна байланыштуу.

"Ошондой эле эмгек мигранттары алардын үй-бүлөлөрүнө ММК полистерин берүү, балдарына алименттин өлчөмүн көбөйтүү маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты. Чарба иштерине алып келинген балдар тууралуу маселе өзүнчө көтөрүлдү. Бул балдар мектепке барбайт, эч кандай укукка ээ эмес, баш калкалоочу жай жана тамак - аш үчүн иштешет", - деди депутат Камила Талиева.

Жыйынтыгында комитет чечим кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине бир катар иш-чараларды өткөрүү тапшырылды. Алардын ичинде ата - энелери эмгек миграциясында жүргөн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алууну, кароону, коргоону камсыз кылуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуу; аларды мамлекеттик коргоого кепилдик берүү менен "эмгекчи – мигранттардын балдары" деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизүү, балдарды адаптациялоо жана колдоо максатында эмгек мигранттарынын балдары үчүн атайын программаны иштеп чыгуу; эмгекчи-мигранттарды саякатка чейинки даярдоону уюштуруу боюнча Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин ишин күчөтүү, ошондой эле эмгекчи-мигранттардын укуктарын жакшыртуу жана коргоо боюнча башка сунуштар берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк