Кыргызстандыктар 2024-жылын кайсы күндөрү дем алышат – минкабдын чечими

Кыргызстандыктар 2024-жылын кайсы күндөрү дем алышат – минкабдын чечими

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди:

1) 2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

- 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

2) 2024-жылдын 21–24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулсун;

3) 2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

- 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;

- 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө;

4) 2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт дем алыш майрам күндөрү.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк