Нарында бюджеттик каражаттын эсебинен атайын техника алынууда

Нарында бюджеттик каражаттын эсебинен атайын техника алынууда

Нарын облусундагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 млн сомдон каражат берилген. Учурда ушул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 самосвал КАМАЗ, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, Миң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу, зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана 1 трансформатор алынды.

Башка айыл өкмөттөргө дагы зарыл болгон техникаларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаң өрөөнүндө 35/10 кВ “Үч Чоку” жаңы көмөк чордонунун курулушу аяктап, 12,8 км жаңы кабелдик чубалгылар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордону орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. “Ала-Тоо резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов энергетиктердин Жыргалаң аймагында аткарган иштерин белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди. Ал аймактын татаал

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылганын Казинформ агенттиги жазды. Жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон. Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Бишкекте Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бишкекте өткөн иш-чарада климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, климатка туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жол картасы сунушталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө

Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Процесстик аналитика технологиясын, жасалма интеллект жана санариптик кызматкерлерди колдонуу компанияларга бизнес-процесстерди бир нече эсеге ылдамдатууга жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берерин Operavix компаниясынын негиздөөчүсү Александр Бочкин Бишкекте өтүп жаткан ProcessTech X Kyrgyzstan процесс аналитикасына арналган биринчи конференцияда билдирди. Анын айтымында, компаниялардагы бизнес-процесстердин көбү маалыматтык системалар аркылуу автоматташтырылганы менен, көптөгөн операция