Кытайга майыптарды социалдык камсыздандыруу багытында кызматташуу сунушталды

Кытайга майыптарды социалдык камсыздандыруу багытында кызматташуу сунушталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев Кытайдын адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Рун Си Цай мырзаны алды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Эки тараптын министрликтери эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, ошондой эле негизги багыттарын талкуулашты.

Министрдин орун басары Улан Чаначев майыптарды социалдык камсыздандыруу, эмгек укуктарын коргоо, улгайган жарандарды жана майыптарды, аялдарды жана жаштарды социалдык жактан камсыздоо багытында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле социалдык чөйрөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында дагы кызматташуу жөнүндө баса белгиледи.

Өз кезегинде Кытай тарап кызматташууга кызыктар экенин билдирип, айтылган сунуштарды министрликтин жетекчилиги менен талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана эмгек миграциясы

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Эдилбек Тажимырзаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тажимырзаевдин ордуна Азамат Турдубеков Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду. Аксынын акими болуп Азамат Намазалиев дайындалды.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Улуттук банк 16-июнда бир катар коммерциялык банктардагы жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлерге макулдук берүү боюнча чечимдерди кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык,  "Алма Финанс Банк" ЖАКтын ички аудит департаментинин директору кызматына - Гульнара Эсеналиеванын талапкерлиги, "Финанс Кредит Банк" ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызматына

“Келечек” эл аралык  стипендиясын түзүү демилгеленди

“Келечек” эл аралык стипендиясын түзүү демилгеленди

Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн “Келечек” эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият