Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты жөнгө салуучу өкмөттөр аралык макулдашууну түзүүгө бурулду.

Тараптар мындай кызматташтык эки өлкө үчүн тең пайдалуу экенин белгилеп, миграция тармагындагы байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media