Бишкектеги жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат

Бишкектеги жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат.  Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат:

·      «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз);

·      «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы;

·      «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы;

·      «Таңкы Жол» ЖЧКсы;

·      «Нурлан плюс»  ЖЧКсы (Бишкек-Түп).

Өз кезегинде аймактарга келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар  уюштурулуп, аларды «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт. Каттамда  №211, №123, №104, №285 кичиавтобустар жана №146 автобус иштеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасында өткөн билим жана тажрыйба алмашуу программасына катышты. Делегацияны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Асель Кененбаева жетектеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Делегациянын курамына “АгроСмарт” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунда бир катар негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Алардын катарына "