Жеңилдиктерге ээ болгондор муниципалдык коомдук транспортту акысыз пайдалана алышат – тизме

Жеңилдиктерге ээ болгондор муниципалдык коомдук транспортту акысыз пайдалана алышат – тизме

Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия эскертти.

Өз кезегинде тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

·         пенсионерлер;

·         ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;

·         бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

·         7 жашка чейинки балдар;

·         өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген  картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00го чейин кыскартылды.

Мындан тышкары окуңуз

Туристтик сезон тартип сакчылардын көзөмөлүндө

Туристтик сезон тартип сакчылардын көзөмөлүндө

Туристтик сезонду утурлай Бишкек шаарынын ИИББнын туристтик ротасынын кызматкерлери борбор калаанын конокторунун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүдө. Бул тууралуу шаардык ИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери туристтер көп топтолгон жайларды, анын ичинде борбордук көчөлөрдү, аянттарды, сейил бак аймактарын, ошондой эле

Бишкекке 20 миң орундуу ипподром курулат

Бишкекке 20 миң орундуу ипподром курулат

Бишкек шаардык мэриясы жана “НКЗ” ЖЧКсы кызматташуу жана өз ара түшүнүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, меморандумдун алкагында борбор калаада эл аралык ипподром куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө каралган. Долбоор боюнча 20 миңге чейин көрүүчүнү батыра алган заманбап ипподром комплекси

Кытайлык инвесторлор Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу завод курууга кызыкдар

Кытайлык инвесторлор Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу завод курууга кызыкдар

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытай мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын вице-президенти жана China Construction Fifth Engineering Division Corp компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Тянь Вэйго баштаган кытайлык инвесторлор менен жолугушту. Мэриянын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен China Construction Fifth Engineering Division Corp. компаниясынын ортосунда достук мамилелерди орнотуу тууралуу меморандумга

Бишкектиктер электр чыгырыктарга каршы, ал эми шаар башысынын ою кандай?

Бишкектиктер электр чыгырыктарга каршы, ал эми шаар башысынын ою кандай?

Бишкек мэриясы менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусундагы көп кездешкен маселелердин бири - электр чыгырыктары (самокаттар) тууралуу болуп жатат. Тургундар “а” чекитинен,  “б” чекитине жеткенче бир нече жолу чоочуп кетүү сезимине, кээде женил же оор кагылышууларга калып жаткандыгын билдиришип, нааразыланышууда.  Шаар башчы, тургундардын оюна кошулаарын билдирип, бирок, самокаттарга толугу менен тыюу салуу