Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты
Быйылкы жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, 10 айда ӨКМге жарандардан жалпы 2 миллион 795 миң 161 кайрылуу келип түшкөн.
Ушул мезгил ичинде куткаруучулар 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Анын ичинде жол кырсыктарынан 113, сууга чөгүүдөн 14, кен кырсыгынан 4, өрттөн 5 адам куткарылды.
Мындан тышкары, 731 жаранга дарыгерлер келгенге чейин тез жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле быйыл жыл башынан бери Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынын түбү тазаланды. Жалпы 202 гектардай суу аянтынан 25 тонна таштанды жана 156 чакырымдан ашык балык уулоочу торлор алынып чыкты.
ӨКМ сел жана суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзгөн иштердин натыйжасында 72 жерде курулган дамбалар жана бекемделген арык-каналдар миңдеген адамдардын үйлөрүн, мал-мүлкүн жана жолдорду зыяндан сактап калган.
Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясына Ак-Суу жана Түп райондорунун тургундары үчүн көпүрөлөр курулуп бүтүп, 90го жакын чабандын жайлоого каттоосу жеңилдеген.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдөгү уулуу калдыктар көмүлгөн 60 жайдын 34үндө тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын 25инде иш толук аяктаган. Ошондой эле калкка жыл башынан бери 69 шашылыш билдирүү берилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу