Чек ара аймактары толук калыбына келтирилди – Баткендин жетекчилиги

Чек ара аймактары толук калыбына келтирилди – Баткендин жетекчилиги

Баткендин чек арасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы башчысы Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.

"Кагылышуудан чек арага чектеш айылдар, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурады. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери аягына чыкты. Жеринде активдүү иш алып барылды", - деп белгиледи Алимбаев.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын үйлөрүн капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө акчалай кенемтелер төлөнүп берилди. Чек ара окуяларынан улам жүздөгөн жарандар жана ишкерлер чыгымдарга учурады.

Мамлекеттик жана коммерциялык банктар тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, окуяда жабыр тарткан 378 жарандардын 36 млн 400 миң сомдук кредиттери жоюлуп, 230 жарандын 324 млн 300 миң сомдук кредиттерине жеңилдиктер берилди.

Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жалпы 210 ишкерлерге 63 млн сом компенсация төлөнүп берилип, 140 ишкерге 120 млн 600 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Сокулук районунда уруксатсыз башталган 8 кабаттуу турак жайдын курулушу токтотулуп, компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсү 175 дарегиндеги объект текшерилип, шаар куруу мыйзамдарынын бузулушу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталганы жана объект

Төрага АКШ элчисине визалык шарттарды жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди

Төрага АКШ элчисине визалык шарттарды жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алып, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, эки тараптуу диалогду жандандыруу боюнча пикир алмашуу болду. Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан АКШ менен бардык багыттарда кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп,

Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Кара-Балта дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн эскиздик долбоор иштелип чыкты.  Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул ирет Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта дарыясынын

Албаниянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Албаниянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Албаниянын президенти Байрам Бегай 17-июнда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аба майданына конду.  Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой