Түштүк-Батыш бажысында салмактык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү фактылары аныкталды

Түштүк-Батыш бажысында салмактык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү фактылары аныкталды

«Түштүк-Батыш» бажысында салмак көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Түркиядан ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы аймагына «К.П.» ЖЧК алуучунун дарегине, «Достук» АБЖЖ аркылуу 336 жеткирүү санда эл керектөөчү товарлар ташып киргизилген, анын ичинен 31 жеткирүү жараксыз салмактык карталарды колдонуу аркылуу ташылып келинген.

«К.П.» ЖЧК бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн берилген документтерде декларацияланган товарлардын иш жүзүндөгү салмагын азайтуу жолу менен, бажы органына берилген документтерде көрсөтүлгөн бурмаланган маалыматтарды пайдалануу менен бажы алымдарын төлөөдөн четтеп, товардын жалпы салмагын 24 227 кг азайткан. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 2 млн сом.

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

УКМК кызматкерлери коррупция жана мыйзамсыз акча чогултуу шеги менен "УЭСТ" ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын кызмат адамдарын кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында аталган ишкананын айрым кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган. Атайын кызматтын

Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Министрлер кабинети камсыздандыруу тармагындагы жаңы эрежелерди бекитти. Алардын ичинде исламдык модель – такафулду киргизүү, ошондой эле топтолмо жана аннуитеттик камсыздандырууга карата жаңыланган талаптар бар. Бул документ камсыздандыруу рыногун модернизациялоого жана финансылык инструменттерди кеңейтүүгө багытталган. Токтомго ылайык: * биринчи жолу мыйзам алдындагы актылар деңгээлинде ислам принциптерине негизделген камсыздандыруу (такафул) бекитилди; * топтолмо жана аннуитеттик

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат. Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган. Мындай мыйзам бузуу үчүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун