Бишкектин жаңы автобекети менен 25 ташуучу компания кызматташууда – тизме

Бишкектин жаңы автобекети менен 25 ташуучу компания кызматташууда – тизме

Жаңы автобекетте учурдун талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн 60 орундуу чоң күтүү залы, 36 орундуу чакан күтүү залы, 3 касса залы, эне жана бала бөлмөсү, сактоочу жай, диспетчердик пункт, наркологиялык бөлмө, автотранспорттук техникалык текшерүүчү жай, айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү, ашкана. Бул тууралуу шаардык мэрия эскертти.

Автобекетке жарандарды аймактарга ташыган кичи автобустар тейленет. Бүгүнкү күндө автобекет менен 25 ташуучу компания (200дөн ашык унаа) кызматташат:

·      «Вестерн Транс Сервис» ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек шаары;

·      «Токо+» ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек шаары;

·      «Чоң Ак-Суу» ЖЧКсы - Григорьевка айылы - Бишкек шаары;

·      «Таңкы жол» ЖЧКсы - Ак Суу - Бишкек;

·      ЖЧК «Жоломан» - Каракол - Бишкек;

·      «Тон Бишкек» ЖЧКсы - Бөкөнбаев айылы - Бишкек шаары;

·      «ТаңкыЖол» ЖЧКсы - Ананьево - Бишкек шаары;

·      «Тамчы аэропорту» ЖЧКсы – Тамчы айылы – Бишкек шаары;

·      «Чок-Тал» ЖЧКсы - Чок-Тал айылы - Бишкек шаары;

·      "Барскон Тур Транс" ЖЧКсы - Барскон - Бишкек;

·      «Сапар Такси» ЖЧКсы – Нарын – Бишкек;

·      «Босого-Транс» ЖЧКсы - Ат-Башы - Бишкек ш.

·      Маршруттук таксилер (кичи автобустар):

·      «Тулпар» АК - Темир айылы, Канат - Бишкек шаары;

·      «Нурдан плюс» жеке ишкер- Каракол - Бишкек;

·      «Нурдан плюс» жеке ишкер - Түп айылы - Бишкек шаары;

·      «Автомобилист» ААК – Каракол – Бишкек;

·      «Селенга» ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек шаары;

·      «Кутту Жол» ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек шаары;

·      «Тулпар» ААК - Темир айылы - Бишкек шаары;

·      "Эсен Транс" ЖЧКсы - Жети-Өгүз - Бишкек шаары.

Өз кезегинде аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы тейлейт. Аталган каттамда №34 автобус жана №285, 221, 211, 123, 104 кичи автобустар иштейт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ошондой эле экспресс каттамдарды жана №192 автобустук каттамды  ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, шаардын сыртына жаңы автобекеттерди уюштуруу чечими борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртуу жана автобекеттердин айланасындагы тыгын маселесин чечүүгө, экологияны жакшыртууга жана шаар тургундарына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.