Нарындагы «Борбордук Азия аңчылык клубу» мамлекетке өткөрүлдү – УКМК

Нарындагы «Борбордук Азия аңчылык клубу» мамлекетке өткөрүлдү – УКМК

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнүн аймагындагы  буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү адамдарга тийиштүү болгон «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын 76626.4 га жер аянты жана 37 млн сомдон ашык курулуш объектилери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Р.К. аттуу жаран К. Асанбектин криминалдык көзөмөлү астында, кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан, аянты 76626,4 га болгон «Борбордук Азия мергенчилик клубу» ЖЧКсынын аңчылык жерин төмөндөтүлгөн баа боюнча ээлеп алгандыгы аныкталды.

Турак жай-коммуналдык чарба инспекциясында катталган материалдарды тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объект тиешелүү юридикалык жана нотариалдык жол-жоболорду сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгында «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын бардык объектилеринин базар наркы 37 млн сомдон ашык экендиги аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында бул кылмышка башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”