Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

«Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» МИнын автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.

Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы да көбөйтүлөт.

Белгилей кетсек, учурда шаарда 600дөн ашуун жаңы автобус иштеп жатат. Ушул айдын аягында Кытайдан дагы 500 автобус келет. Шаар боюнча каттаган микроавтобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Миңден ашык автобусту жайгаштыруу үчүн «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» экинчи автобазанын аймагын ирээтке келтирип, Кустанай көчөсүндө жайгашкан имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Ал жакта дагы газ куюучу станция курулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 14 автобус каттамдын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 14 автобус каттамдын багыты өзгөртүлдү

16-июндан тарта Бишкек шаарында Киев көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24. Оңдоп-

“Манас” аба майданына баруучу жол жарыктандырылат

“Манас” аба майданына баруучу жол жарыктандырылат

“Кыргызстандын аэропорттору” ААК аэропорттук инфраструктураны гана эмес, өлкөнүн аба дарбазаларына ыңгайлуу жана коопсуз жетүүнү камсыз кылган объектилерди өнүктүрүү боюнча иштерин ырааттуу улантууда. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Манасбек Самидинов маалымадыды. Маалыматка ылайык, учурда “Манас” эл аралык аба майданын борбор калаа менен байланыштырган жолго сырткы жарыктандыруу орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат.

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, суу Көк-Жар суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу өчүрүлө турган аймактар: Темир жол линиясынан – Раззаков, Бөкөнбаев, Панфилов, Фрунзе, Гоголь, Жумабек, Сүйүмбаев, Осмонкулов көчөлөрү