Ысык-Көлдө дагы бир социалдык дарыкана ачылды
![Ысык-Көлдө дагы бир социалдык дарыкана ачылды](/content/images/size/w1200/2024/03/2251667.587893faa5fd7a661aa763f559548c91.jpg)
5-мартта Караколдо жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда «Эл Аман» социалдык аптекасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнур Султанбаева, Караколдун мэриясынын жана облустук саламаттыкты сактоо институттарынын өкүлдөрү катышты. Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык «Эл Аман» дарыканалары Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында, Түп айылында жана Каракол шаарында иштеп калка кызмат кылып келүүдө.