Социалдык контракт: Биринчи Май районунда үч ишкердин долбоору жактырылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда социалдык келишимди ишке ашыруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө багытталган пилоттук долбоордун алкагында комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын, ошондой эле Биринчи Май райондук салык кызматынын өкүлдөрү катышты.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, жыйындын жүрүшүндө жарандардын бизнес-пландары каралды. Анын жыйынтыгында үч ишкердин долбоору жактырылды.
Пилоттук долбоор жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого алууга жана социалдык келишимди ишке ашыруу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.
"Социалдык контракт" долбоору —бул Кыргызстанда аз камсыз болгон жана турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга жана туруктуу киреше булагын түзүүгө багытталган мамлекеттик программа.
- Долбоорго катышкан үй-бүлөлөргө өз ишин (бизнесин) баштоого же өнүктүрүүгө кайтарымсыз каражат берилет.
- Келишим 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
- Бөлүнгөн каражат көбүнчө айыл чарбасы, өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармактарына жумшалат. Статистика боюнча, долбоордун катышуучуларынын басымдуу бөлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу