Кеминде Чүй дарыясы аркылуу өткөн жаңы көпүрө ачылды

Кеминде Чүй дарыясы аркылуу өткөн жаңы көпүрө ачылды

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кыз-Күйөө айылында Чүй дарыясы аркылуу өтүүчү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бүгүн көпүрөнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бл тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл башында айыл тургундары көпүрө куруу маселесин көтөрүшкөн. Район акими Канболот Тутуев жерине барып, көйгөй менен таанышкандан кийин тиешелүү тапшырмалар берилип, курулуш иштерин баштоо чечими кабыл алынган.
Долбоорду ишке ашырууга кеткен каражаттын 50 %ы Кемин районун өнүктүрүү фондунан, калган бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Жаңы көпүрө айыл тургундарынын каттамын жеңилдетип, дарыя аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу өтүүсүнө шарт түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы инстутуна 10 айда 21 мамлекеттин жаранынан кайрылуу түшкөн

Өлкөдө 10 айда 71 ишкана ачылды

Бишкекте унаалардан чыккан түтүн абаны канчалык булгоодо?

Мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү төмөндөдү

Бишкек-Ош жолундагы рейдде 4 унаага айып пул салынды