20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкек шаарындагы Селекция айылында 20-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Борбор калаанын мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, бул чектөө М. Ганди көчөсүндөгү диаметри 273 мм болгон жаңы суу түтүктөрүн кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болууда.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Б. Алыкулов – М. Ганди – Эгиналиев – Өмүр көчөлөрү.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу