Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Салык кызматында глобалдык акча жумалыгынын алкагында Ачык эшиктер күнү өттү

Чынгыз Керимбеков
Салык кызматында глобалдык акча жумалыгынын алкагында Ачык эшиктер күнү өттү

Салык кызматы "Глобалдык акча жумалыгынын" алкагында жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Студенттер үчүн Бишкек шаарынын ишкерлерди тейлөө борборунда экскурсия уюштурулду, алар ишкерлерге мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө толук маалымат алышты.

Салык кызматкерлери "бирдиктүү терезеде" салык төлөөчүлөргө салык кызматтарын көрсөтүү процессин жана салык кызматынын "Камералдык текшерүүлөр" программалык модулунун ишин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Салык кызматынын ишмердүүлүгү, Кыргызстандын салык системасы, салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлор жөнүндө лекциялар өткөрүлдү жана кызматтарды электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүштү.

Иш-чарага жалпысынан 100гө жакын студент катышты.

Эскерте кетсек, Глобалдык акча жумалыгы - бул дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында жыл сайын өткөрүлүүчү масштабдуу кампания.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости