Акылбек Жапаров 10 күндүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды
Министрлер rабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Такталгандай, тиешелүү тапшырмаларды ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.
Минкаб төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.