Режиссер фильмге акчаны кайдан табат? Эксперт Дмитрий Якуниндин кеӊештери

Режиссер фильмге акчаны кайдан табат? Эксперт Дмитрий Якуниндин кеӊештери

Жаш киночулар жаӊыча көз карашка жана чыгармачылык энергиянын зор күчүнө э, бирок алар иштей баштаганда долбоор үчүн кайдан акча табуу керек жана потенциалдуу инвесторлорду кантип кызыктырса болот деген сыяктуу шыктануудан тышкары башка көйгөйлөргө туш болушат.  

Ушул суроолорго жооп издеген Economist Россиянын Кинематографисттер союзунун катчысы, «Мувистарт» компаниясынын башкы продюсери Дмитрий Якунинге кайрылды. Эксперт Бишкекке Жаш киночулардын «Үмүт» XI форумунда «Ийгиликтүү питчингдин сырлары» темасында мастер-класс өтүү үчүн келген.

– Сизге Форумда ушул так ушул мастер-классты өткөрүүгө эмне түрткү болду?

– «Үмүт» кинофестивалынын алкагында Кыргызстандын жаш киночулары үчүн питчинг болот. Ушул иш-чаранын алдында дебютанттарга ачык презентацияларды өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берүү маанилүү сезилди, мен 10 жылдан ашык мындай иш-чараларды уюштуруу менен иштеп келем.

Коомчулук алдына чыгып сүйлөөгө берилген 5 мүнөт ичинде долбоордун мааниси, анын актуалдуулугу жана келечеги, команда, бизнес-план жана маркетинг, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жолдору жөнүндө толук айтып берүү маанилүү. Жаш кесиптештерге берген сунуштарым жакшы кабыл алынат жана долбоорлордун бет ачарлары алда канча жогорку деӊгээлде өтөт деп үмүттөнөм.

– Жаш киночулар өз долбоорлорун инвесторлорго презентация кылууда көбүнчө кандай каталарды кетирешет?

– Жаш авторлорду негизги каталарынын бири – өз окуясын айтып бере албагандыгы. Өз бет ачарында авторлор - башкы каарман ким, анын көйгөйү эмне жана аны кандай чечет - деген негизги үч суроого жооп бериши керек? Айрым презентацияларда маркетинг толук жетиштүү иштелип чыккан эмес – мында сиздин фильмдин максаттуу аудиториясы кимдер экенин, кандай аянтта көрсөтүлөрүн айтып берүү маанилүү.

Жалпысынан сиз питчингге чыгып сүйлөгөндөн кийин эксперттер сиздин долбоор жөнүндө толук түшүнүк алышы керек. Ошондуктан коомчулук алдына чыгуудан мурда бет ачарды өзүӊөрдүн кесиптештер жана тааныштарга сынап көрүүнү жана алардан канчалык түшүнүктүү жана айкын болгонун сурап көрүүнү сунуштайбыз.

– Эӊ одоно каталардан кантип качуу керек?

– Жаш авторлор кино долбоордун коомчулук алдындагы презентациясы – абдан маанилүү баскыч экенин түшүнүүсү керек. Сиздердин даярдык деӊгээлге, бет ачардын жана видеофайлдардын сапатына жараша эксперттер – өзүнчө долбоор боюнча гана эмес, жалпы эле сиздер менен кызматташуу же кызматташуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

Анткени кино өнөр жайындагы иш – абдан чоӊ жоопкерчилик жана мында ар бир майда бөлүкчө маанилүү. Ошондуктан кесиптештериме питчингди үйрөнүүнү, көп кезиккен каталарды, эксперттердин сунуштамаларын түшүнүүнү, питчингде бет ачарга абдан чоӊ жоопкерчилик менен көӊүл бурууну сунуштайм, бул боюнча маалыматтар ачык жеткиликтүү берилген. Ошондо бардыгы ойдогудай ишке ашат.

– Кыргызстандын жаш кинематографисттери кандай аянттардан өздөрүнүн долбоорлору үчүн каржылоо таба алышат?

Кыргызстандагы каржылоо тутуму жөнүндө толук айтып бере албайм. «Кыргызфильм» студиясы жетиштүү түрдө активдүү өнүгүп жана жаш авторлорду колдоп жатканын жакшы билем. Ал эми россиялык аянттар жөнүндө айтсак, РФ Маданият министрлиги копродукция долбоорлорун каржылоого, анын ичинде Кыргызстандын киночулары менен биргеликте иштешүүгө ачык.

Бул үчүн Россиядан биздин өлкөлөрдүн көрүүчүлөрү тарабынан суроо-талап жогору болгон өнөктөш – продюсердик компанияны табуу зарыл. Мындан тышкары, россиялык платформалар жана продюсердик компаниялар дайыма жаӊы авторлорду издейт. Андыктан Кыргызстандын киночуларынын долбоорлоруна, буга чейин тартылган фильмдерине жана жаӊы сценарийлерге ушул аянттарда талап болушу мүмкүн.

Ошондой эле, «Лендок» студиясы «Мувистарт» командасы менен биргеликте уюштурган КМШ мамлекеттеринин копродукция питчингин белгилей кетким келет, ал платформада Россия жана КМШ мамлекеттеринин алдыӊкы эксперттери – продюсерлер үчүн өздөрүнүн долбоорлорун сунуштоого болот.   

– Автордук кино коммерциялык көз караштан анча ийгиликтүү эмес жумуш деген пикирлер бар. Сиз буга макулсузбу?

– Кинематограф – эӊ биринчиден кесиптик ишмердүүлүктүн эӊ татаал багыттарынын бири. Кинематографист чоӊ көлөмдөгү билимге, тажрыйбага, чыгармачылык жана техникалык көндүмдөргө, ошондой эле сапаттуу продукт түзүү үчүн зарыл болгон дисциплинага ээ болушу керек. Сапаттуу кино жаратуу – идея издөөдөн тартып, сценарий жазуу, жогорку деӊгээлдеги тасма тартуу жана пост-продакшнга чейин баарын жакшы аткаруу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Эгерде сиздин фильмде жанрдын түрүнө – автордук же жанрдык кино экенин карабастан жакшы сапат жетишилген болсо, анда сизде – кинопрокатка жана кинофестивалдарга чыгууда ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Бирок менимче жаш авторлорго өз фильмин түзүүдө эӊ биринчи көрүүчү жөнүндө ойлонуу маанилүү – ал ошол тасманы кандай кабыл алат жана сиз өзүӊүздүн чыгармага кандай маанилүү баалуулук киргиздиӊиз. Эгерде сиз өзүӊүздүн көрүүчүнү таап жана түшүнө алсаӊыз, анда керектүү учурда сизге атак-даӊк жана коммерциялык ийгилик чогуу келет.  

– Кыргызстандын кандай медиа жана кино долбоорлорун белгилей аласыз?

– Өз убагында мен «Кыргызстан-кыска метрдеги фильмдердин өлкөсү» фестивалына келгенде сиздердин Руслан Акундун «Салам, New York» жана Садык Шер-Нияздын  «Курманжан Датка» фильмдерин жактырып көргөм. Ошондой эле, Лиза Стишованын «Сулайман тоо» копродукциялык тасмасынын фестивалдык тагдырына кызыгуу менен байкоо салгам.

2020-жылы директору өзүм болгон «Жашайбыз» кинофестивалында мыкты оператордук эмгек үчүн сыйлыктар жана фестивалдын Президентинин байгесин Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильми алган. Жаӊы тасмалардан Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» фильминин россиялык прокатка чыгышын күтүп жатам.

Мен бул фильмдин россиялык кино рынокто көрүнүктүү жаӊылык болууга мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Мен өз кезегинде дистрибьютор менен алектене баштадым жана бул үчүн атактуу эл аралык дистрибьютор Игорь Шибанов менен бирге «MovieGo» компаниясын түздүм. Балким бизге дагы Кыргызстандын киночуларынын жаӊы фильмдерин россиялык аянттарга көрсөтүү мүмкүн болуп калат деген ойдомун.         

– Сиздин оюӊузча, «Үмүт» жаш киночулар форуму сыяктуу окуялар кино тармагына өнүктүрүүгө кандай салым кошо алат? 

– Кыска метрдеги кино – бул кино өнөр жайынын пайдубалы. Продюсер катары мен үчүн мындай фестивалдарда дебютанттардын эмгектерин карап көрүү, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн алдыӊкы киночулары менен баарлашуу, питчингде долбоорлорду баалоо маанилүү. Мен өзүм кыска метрдеги кино боюнча Short Film Days фестивалын өткөрөм жана мындай аянттар жаш авторлор үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөм. Анын үстүнө мага Бишкекке келүү жана сиздердин шаардын чыгыш колорити менен кайрадан таанышуу жагат. Ошондуктан кинолорду жан дилим менен берилип көрөм.

Эске сала кетсек, Жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму 29-марттан 31-мартка чейин Бишкек шаарында өтөт. Кино иш-чаранын алкагында кыска метрдеги тасмалар, лауреат-фильмдер жана дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучулары көрсөтүлөт, питчингдер, мастер-класстар жана кино эксперттердин лекциялары өтөт.

Ошондой эле, программага эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси камтылган, анда КМШ өлкөлөрүнүн продюсерлери жана программалык директорлору өздөрүнүн иш-чаралары жана аларга катышуунун шарттары жөнүндө айтып беришет.

Маданий аянтча таланттуу жаштарды колдоо, жаӊы ысымдарды табуу жана жаӊы иштей баштаган режиссерлордун кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Форум КРдин Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан КМШ мүчө-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда уюштурулуп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат