Ошто 8 логистикалык борбор жана 53 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

Ошто 8 логистикалык борбор жана 53 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 25%га чейин жеткирүү максатында республика боюнча 385 жаңы ишкана курууну көздөйт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ош облусу боюнча жүргүзүлгөн анализдин негизинде 8 соода-логистикалык борбор (СЛБ) жана 53 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда. Бул объектилер өсүмдүк жана мал чарба продукцияларын сактоо, жоготууларды азайтуу жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ишканалар жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, жүзүм, эт, сүт, жүн жана күрүч тармактарын камтыйт.

Райондор боюнча пландар:

• Кара-Суу району – 1 СЛБ, 10 кайра иштетүү ишканасы
• Ноокат району – 1 СЛБ, 8 ишкана
• Кара-Кулжа району – 4 ишкана
• Алай району – 1 СЛБ, 4 ишкана
• Араван району – 1 СЛБ, 6 ишкана
• Өзгөн району – 2 СЛБ, 6 ишкана
• Чоң-Алай району – 5 ишкана
• Ош шаары – 1 СЛБ, 3 ишкана

Министрликтин маалыматына ылайык, бул пландар райондордун адистешүүсү эске алынып түзүлгөн. Ишканалар туруктуу чийки зат менен камсыздалат, натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуусу кыскарып, жаңы жумуш орундар пайда болот жана агроөнөр жай комплекси күчөйт.

Министрлик аталган долбоорлорду жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырып, ишкерлерди жана потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул демилгелер аймактарда кайра иштетүү тармагын жана агробизнесин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Суроолор боюнча: 0708 320 820, 0990 559 083 номурларына кайрылсаңыздар болот.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media